Кыргыз-кытай чек арасында ачыла турган “Бедел” өткөрмө бекетине 77 миллион 857 миң сом керектелет

Кыргыз-кытай чек арасында ачыла турган “Бедел” өткөрмө бекетине 77 миллион 857 миң сом керектелет.

 

Бул тууралуу эки өлкө өкмөттөрүнүн ортосундагы тиешелүү макулдашууну ратификациялоо жөнүндө мыйзам долбоорунун негиздемесинде айтылат.

 

Маалыматка ылайык, документти министрлер кабинети демилгелеген. Каражат ЕАЭБдин талаптарына ылайык инфраструктура түзүүгө жана аны тейлөөгө бөлүнгөн штатты кармоого жумшалат.