Ноокенде ири текстиль фабрикасынын курулушу жүрүүдө

Ноокенде ири текстиль фабрикасынын курулушу жүрүүдө. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

 

Долбоорго ылайык, ишкананын курулушу быйылкы жылдын соңуна чейин бүтүшү керек. Курулуштун жалпы наркы 30 млн 950 миң долларды түзөт.

 

Фабрика ачылса 500дөн ашык жаңы жумуш орду пайда болот деп күтүлүүдө.