Кадамжай районунда суу каптаган 60ка жакын үй сел калдыктарынан тазаланды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди. Ошондой эле 4 чакырым ички чарбачылык жолдор тазаланып, кыймылга ачылды.
Эске салсак, табият кырсыгында 61 үйдүн ичин суу каптаган. Калыбына келтирүү иштерине ведомствонун 600гө жакын адиси тартылган. 50дөн ашык техника иштеп жатат.
24-июндагы селден улам Кадамжай районунда өзгөчө кырдаал режими жарыяланып, табият кырсыгынын кесепетин жоюу, зыяндарды тактоо иштери уланууда.
Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg телеграмм каналынан тааныша аласыздар.