Бишкектеги автобустардын кыймылын эми тиркеме аркылуу көзөмөлдөөгө болот.
Бул тууралуу шаардык муниципалитеттен билдиришти.
Тиркемени колдонуу үчүн Play Market`тен көчүрүп алуу керек.
Ошондой эле бул тиркеме App Store үчүн дагы жеткиликтүү.
Белгиленгендей, мобилдик тиркеме кыргыз, орус жана англис тилдеринде иштейт.