Кыргызстан Олимпиада оюндарына дагы бир лицензия ээледи

Кыргызстан Олимпиада оюндарына дагы бир лицензия ээледи. Мелдештерге катышуу квотасын Кыргызстандын сууда сүзүү боюнча курамасынын мүчөсү Елизавета Печерских алды.

 

Ал эркин стилде 50 метр аралыкка сүзүү боюнча күчүн сынайт. Учурга карата өлкө капчыгында 16 лицензия бар, алар күрөш, жеңил атлетика, сууда сүзүү, дзюдо жана бокс боюнча.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.