Лейлек районунун Лейлек айыл аймагында сел кесепеттерин жоюу иштери толугу менен аяктап, кырдаал турукташкандыгына байланыштуу өзгөчө кырдаал режими алынды.
Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Белгилеп кетсек, 24-июнда нөшөрлүү жаандан улам аталган айыл аймакта сел жүрүп, 26-июнда өзгөчө кырдаал режими жарыяланган болчу.