Бүгүн футбол боюнча Европа чемпионатынын жарым финалга чыккан алгачкы курамалары белгилүү болот.
Бишкек убактысы боюнча кечки саат 10до “Мерседес-Бенц Аренасында” Испания – Германия курамаларынын беттеши башталат.
Түнкү саат 1де оюн талаасына Португалия – Франция футболчулары чыгат. Жеңишке жеткен командалар жарым финалда ойнойт.
Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.