Борбордук шайлоо комиссиясы бир мандаттуу №36 Ысык-Көл шайлоо округу боюнча шайлоодо Айжигит Тыналиевди жана бир мандаттуу №29 Свердлов шайлоо округу боюнча шайлоодо Жумабек Салымбековду жеңүүчү деп тапты.
Бул тууралуу маалымат БШКнын сайтына жарыяланды. 30-июнда №5 Ноокат, №36 Ысык-Көл жана №29 Свердлов бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңешке депутаттарды кайра шайлоо өттү.
Ноокат округу боюнча шайлоонун жыйынтыгы толук чыга элек. Беш талапкердин арызынын негизинде 5 участокто добуштарды кайра саноо чечими кабыл алынган.
Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.