Кыргызстанда жогорку окуу жайларга кабыл алуу беш тур менен өтөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча ЖОЖдорго абитуриенттерди тандоо 15-июлда башталып, 14-августта аяктайт.
Сынакка катышуу үчүн өтүнмөлөрдү жана документтерди “Абитуриент онлайн” электрондук автоматташтырылган маалыматтык системасы аркылуу жөнөтүү керек.
Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.