“Социалдык контракт” программасынын алкагында Кара-Балтадагы 31 аз камсыз үй-бүлөгө жеке бизнесин ачуу үчүн 100 миң сомдон берилди. Бул тууралуу жергиликтүү бийликтен билдиришти.
Каражаттын бир бөлүгү жергиликтүү бюджеттен, калганы республикалык казынадан бөлүнгөн.
“Социалдык контракт” программасы аз камсыз үй-бүлөлөрдү колдоого, кошумча жумуш орундарын түзүүгө же өз алдынча иш менен камсыз кылууга шарттарды түзүүгө багытталган.
Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.