Кыргызстанда ИДП ушул жылдын январь-июнь айларында 560 млрд сомго жакындап, 2023-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 8,1% көбөйдү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттен маалым болду.
Ага ылайык, өнөр жай продукциясынын көлөмү 237 млрд сомду түздү. Курулушта оң тенденциялар байкалып, мында көлөмдүн өсүшү 48,5% болду. Дүң жана чекене соода 21%, айыл чарбасы 3,3% түздү.
Быйыл республикалык бюджеттин профицити 10 млрд 900 млн сом болот деп күтүлүүдө.
Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.