Бишкекте жолдорду капиталдык оңдоо иштери уланууда. Мэрия билдиргендей, бүгүнтөн тарта Абдрахманов көчөсүнүн Пушкинден Жибек Жолу проспектисине чейинки бөлүгү унаа кыймылы үчүн жабылды.
Мындан тышкары, 15-июлдан тарта Чүй проспектисинин Абдрахманов көчөсүнөн Эркиндик бульварына чейинки бөлүгүн оңдоо иштери үчүн жабуу пландалууда.
Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.