Өлкөнүн тоолуу жана тоо этектериндеги аймактарда сел жүрүп, таштар түшүшү мүмкүн.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, туруксуз аба-ырайы жана нөшөрлөп жааган жаанга байланыштуу Бишкек – Ош, Бишкек – Балыкчы, Балыкчы – Бөкөнбаев, Талды-Суу – Арал, Ош – Исфана, Мырзаке – Кара-Шоро жана Кербен – Ала-Бука – Каныш-Кыя унаа жолдорунда өзгөчө этият болуу керек.
Кооптуу абал 17-июлга чейин сакталат.
Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.