Каракол – Эңилчек унаа жолуна кар көчкү түшүп, убактылуу жабылды.
Бул тууралуу Унаа жана жолдор министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бүгүн таңга маал Каракол – Эңилчек унаа жолундагы Чоң-Ашуу ашуусуна узундугу 150 метр, бийиктиги 4 метр кар көчкү түшкөн.
Учурда тазалоо иштери жүрүп жатат.