Бишкекте Ахунбаев көчөсүнүн бир бөлүгү капиталдык оңдоо иштеринен кийин ачылды. Кеп анын Малдыбаевден Байтик Баатыр көчөсүнө чейинки бөлүгү тууралуу болуп жатат.
Мэриянын басма-сөз кызматынан билдиришкендей, бул жерде асфальттын жаңы катмары төшөлүп, тротуарлар жаңыртылды. Ал эми ирригациялык тармакты иретке келтирүү боюнча иштер уланууда.
Учурда Ахунбаев көчөсүнүн Байтик Баатыр – Жукеев-Пудовкин тилкесинде оңдоо жүрүп жатат.
Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.