Кыргызстан аялдар үчүн Борбор Азиядагы эң кооптуу өлкө деп табылды

Кыргызстан быйыл «Аялдардын тынчтыгы жана коопсуздук» индексинде (Women Peace and Secutity Index) 177 мамлекеттин ичинен 95-орунду ээледи. Муну менен өлкө Борбор Азия мамлекеттеринин ичинен эң төмөнкү бааны алган.

 

Индексте Түркмөнстан 58-орунду, Казакстан 70-орунду, Тажикстан 90-орунду, Өзбекстан 94-орунду ээлеген.

 

Рейтингде алдыңкы үчтүккө Дания, Швейцария, Швеция, акыркы үчтүккө Ооганстан (177-орун), Йемен (176-орун), Борбордук Африка (175-орун) кирген.

 

Авторлор үч категорияга бөлүнгөн 13 көрсөткүчтүн негизинде өлкөлөрдү изилдешкен:

 

Инклюзивдүүлүк (билим берүү, каржылык кызматтардан пайдалануу, ишке орношуу, уюлдук телефон колдонуу, парламенттеги аялдардын үлүшү);

Адилеттүүлүк — (укуктук басмырлоонун жоктугу, сот адилеттигине жетүү, энелердин өлүмү, бир жактуулук);

Коопсуздук — (зомбулуктун деңгээли, аялдардын коомдогу коопсуздугун кабыл алуусу, аялдарга карата саясий зомбулук, куралдуу жаңжалга жакындыгы).