Улуу Британияда футбол боюнча кураманын Евро чемпионатынын финалында ойногонуна байланыштуу транспорт менен маселелер жаралды.
Кечээ өлкөдө жүздөгөн поезд каттамдары токтоп калган, анткени, темир жолдун кызматкерлери жана машинисттер финалды көрүү үчүн иш таштаган.
Эске салсак, түндө чечүүчү беттеште Англия курамасы Испания футболчуларына 2:1 эсебинде утулуп калды.