Эми WhatsApp аркылуу видео билдирүүлөрдү жөнөтсө болот.
Маалыматка ылайык, эми колдонуучулар 1 мүнөткө чейинки видеолорду тартып жөнөтө алышат. Бул файлдар башкалардай эле жашыруун сакталып, үчүнчү жактарга көрүнбөйт.
Учурда жаңы функция сыноодон өтүп жатат. Ал жакынкы арада бардык колдонуучуларга жеткиликтүү болот.