Ошто электр энергиясын берүүнү жандантуу боюнча иштер уланууда. Улуттук электр тармактары компаниясынан билдиришкендей, селдин кесепетинен 7,5 миңден ашык жаран жарыксыз калган.
Учурга карата 5 миң 500 үйгө электр энергиясын берүү мүмкүн болду. Жеринде авариялык-калыбына келтирүү бригадаларынын 26 кызматкери иштеп жатат. Андан тышкары, 6 атайын техника тартылды.
Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.