Бишкекте бүгүнтөн тарта Юнусалиев көчөсүнүн бир бөлүгү оңдоо иштерине жабылат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, анын Сухэ-Батор көчөсүнөн Сүйөркулов көчөсүнө чейинки тилкеси калыбына келтирилет.
Тыгындарды азайтуу максатында, жол оңдоо иштери этабы менен жүрөт. Андан кийин Сүйөркулов – Ахунбаев участогу ремонттолот.