Жогорку окуу жайларда абитуриенттерди кабыл алуу өнөктүгү 14-августка чейин уланат.
Бул тууралуу Билим берүү министрлиги эскертет. Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча окуу жайларга абитуриенттерди тандоо кечээ, 15-июлда башталды.
Сынакка катышуу үчүн өтүнмөлөрдү жана документтерди “Абитуриент онлайн” электрондук автоматташтырылган маалыматтык системасы аркылуу жөнөтүү керек.
Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.