Бишкекте жолдорду оңдоо иштерине байланыштуу 13 автобустун каттамы убактылуу өзгөртүлдү. Муниципалитеттен билдиришкендей, бүгүн Юнусалиев көчөсүнүн бир бөлүгү унаа кыймылы үчүн жабылат.
Ал эми кечээ Байтик баатыр көчөсүнүн Кулатов — Бөкөнбаев бөлүгү ачылды. Буга байланыштуу №42, 166, 226, 222, 216, 212, 195, 105, 152, 49, 52, 169 жана 145 автобус каттамдарынын кыймыл схемалары убактылуу өзгөртүлдү.