Бишкекте 4 көп кабаттуу унаа токтотуучу жай пайда болот

Бишкекте 4 көп кабаттуу унаа токтотуучу жай пайда болот. Мэрия маалыматына ылайык, алардын ар бирине 500дөн машине батат.

 

Бул шаар көчөлөрүн унаалардан бир аз бошотуп, машинелер чыгарган түтүндүн деңгээлин азайтат деп пландалууда.

 

Долбоор мамлекеттик-жеке өнөктөштүк механизми менен ишке ашат. Анын алкагында курулушту жеке тарап ишке ашырып, андан кийин объектти өз жетекчилигине алат.