Бишкекте борбордук көчөлөрдү оңдоо иштери качан жыйынтыктала турганы айтылды. Мэриядан такташкандай, 20-августка чейин Ахунбаев, Абдрахманов көчөлөрүн бүтүрүү пландалып жатат.
Чүй проспектисинде иштер 20-сентябрга чейин аяктайт деп күтүлүүдө.
Ал эми Жибек Жолу проспектисин калыбына келтирүү 10-15-октябрга дейре уланат. Мэрия ремонт иштери графиктен 20 күн алдыда жүрүп жатканын белгилейт.