Бишкек – Ош жолунда жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилди

Бишкек – Ош жолунда жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилди. Унаа жана жолдор министрлигинин маалыматына ылайык, бул Сосновка постунда жасалма тыгындарды алдын алуу үчүн кабыл алынган чара жана ал аба-ырайынын шарттары жакшырганга чейин күчүндө болот.

 

Жеринде атайын техника, жолчулар тынбай иштеп, трассаны кардан тазалоодо.

 

Тоолуу райондор менен сапарга чыгууну пландап жаткан айдоочуларга жол эрежелерин жана унаалар ортосундагы 500 метрлик аралыкты сактоо сунушталат.