Таласта ипотекалык үйлөрдүн курулушу капсула салынды. Президенттин аймактагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурлан Дардановдун айтымында, “Тынчтык Ордо” турак-жай комплексинде беш кабаттуу 10 үй курулат.
Долбоорду ишке ашырууга 448 миллион сом багытталат Каражат облусту өнүктүрүү фондунан жана жергиликтүү бюджеттен бөлүнөт.
Аталган турак-жай комплексиндеги батирлер мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан жылдык 4-8 үстөк пайызы менен 25 жылга берилет.
Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.