Баткенде үч мектеп жана эки бала бакчанын курулушу башталды. Президенттин облустагы өкүлчүлүгү билдиргендей, курулуш Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттиги аркылуу ишке ашырылууда.
Маалыматка ылайык, имараттар чек арага чектеш Ак-Сай, Көк-Таш, Кызыл-Бейит жана Кара-Бак айылдарында салынат.
Эске салсак, буга чейин аймакты өнүктүрүүгө Дүйнөлүк банк 50 миллион доллар берери, анын теңи грант түрүндө, калганы 38 жылдык мөөнөткө насыя катары алынары кабарланган. Долбоор 2027-жылга чейин ишке ашырылат.