Ошто ипотекалык үйлөрдүн курулуша капсула салынды. Түштүк калаа мэриясынан билдиришкендей, “Асман резиденс” комплексинде 12 кабаттан турган 8 үй курулат.
Андагы батирлердин жалпы саны – 528. Үйлөр колдонууга 1,5 жылда берилет деп пландалууда. Долбоорго ылайык, жанында спорт зал, унаа токтотуучу жана тамактануучу жайлар жайгашат.
Аталган турак-жай комплексиндеги батирлер мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу жылдык 4-8 үстөк пайызы менен 25 жылга берилет.
Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.