Ошто сел каптаган 800дөн ашык турак-жай тазаланды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, куткаруучулар селдин кесепеттерин жоюп, жабыркаган жарандарга үйлөрүң тазалоого жардам беришти.
Эске салсак, 14-июлдагы нөшөрлүү жаандан кийин сел жүрүп, Кара-Суу районунун Мады, Датка, Баш-Булак айыл аймактарындагы жана Ош шаарындагы жалпы 800дөн ашык турак-жайды, ондон ашык социалдык объектти суу каптаган.