Ноокатта кайрадан сел жүрүп, Ош – Баткен – Раззаков унаа жолу жабылды.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, кечээ кечинде жааган нөшөрлүү жаандан кийин Жийде айыл аймагында сел жүрдү.
Трассанын 55-63-чакырымдар аралыгын суу каптап, жол жабылды. Учурда тазалоо иштери жүрүп жатат. Ведомстводон эскертишкендей, өлкөнүн тоолуу аймактарында сел жүрүү коркунучу 22-июлга чейин сакталат.
Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.