Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан курулуп жаткан үйлөрдөн 1 миңдей батир ушул күздө даяр болот.
Бул тууралуу 24 агенттигине уюмдун басма-сөз кызматынан билдиришти.
Компаниядан белгилешкендей, бардыгы курулуш жана ремонттук иштердин аяктоо мөөнөтүнө жараша болот. Колдонууга бериле турган батирлердин так саны дагы азырынча такталбайт. Белгилеп кетсек, мамлекеттик ипотека жылдык 4-8 пайыз менен 25 жылга чейин берилет.
Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.