Кыргызстанда февраль айында бензиндин баасы дагы 2-3 сомго арзандашы күтүлөт

Кыргызстанда февраль айында бензиндин баасы дагы 2-3 сомго арзандашы күтүлөт. Бул тууралуу 24 агенттигине Мунай ташуучулар ассоциациясынын президенти Канат Эшатов билдирди.

 

Анын айтымында, өткөн жылдын декабрынан тарта өлкө аймагында бензиндин баасы орточо эсеп менен 5 сомго төмөндөдү. Бул Россия заводдорундагы дүң баанын арзандашына байланыштуу болду.

 

Февралда дагы бул тенденция уланат, ал эми жаз айлары тууралуу айтуу азырынча эрте. Күйүүчү-майлоочу материал тескерисинче, кымбатташы мүмкүн. Анткени, жазгы айдоо иштери башталат.