Бишкек мэриясы №7 троллейбустук каттамды линиясына кайтарууну чечти. Муниципалитеттин басма-сөз кызматынан билдиришкендей, жолдорду капиталдык оңдоого байланыштуу анын жүрүү каттамы өзгөртүлдү.
Акыркы аялдамалар мурдагыдай эле Ак-Орго конушу менен Тунгуч кичи районунда жайгашкан. Бирок Киев көчөсү менен эмес, Москва көчөсү аркылуу жүрөт.
Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.