Кыргызстандан пияз чыгарууга убактылуу тыюу салынды

Кыргызстандан пияз чыгарууга убактылуу тыюу салынды. Тиешелүү токтом долбоорун министрлер кабинети кабыл алды. Ага ылайык, чектөөлөр 31-январдан тарта киргизилип, 3 ай күчүндө болот.

 

Айыл-чарба министрлигинен белгилешкендей, бул өлкөдө азык-түлүк коопсуздугун камсыздоого жана азыктын баасын турукташтыруу максатында кабыл алынган чара.