Ош шаарындагы сел каптаган борбордук базар Жапалак айылындагы Көкүмбий көчөсүнө көчүрүлөт

Ош шаарындагы сел каптаган борбордук базар Жапалак айылындагы Көкүмбий көчөсүнө көчүрүлөт.

 

Бул тууралуу Ош мэриясынын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, курула турган базар Ош автоунаа базарынын жанындагы  16,5 гектар жер тилкесине жайгашат.

 

Тиешелүү кызматтарга базарды көчүрүү боюнча даярдык иштерин баштоо тапшырмасы берилди. 14-июлда катуу жаандан кийин Ак-Буура дарыясы ташыган. Кыян жүрүп, Оштогу борбордук базарды, чет жакадагы айылдарды сел каптаган.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.