Кыргызстанда мыйзамдуу ишкердик кылгандарга тоскоолдук жараткандар жазаланат

Кыргызстанда мыйзамдуу ишкердик кылгандарга тоскоолдук жараткандар жазаланат. Президент Садыр Жапаров тиешелүү мыйзамга кол койду.

 

Ага ылайык, кызмат адамдарынын ишкердик субъекттерине мыйзамсыз текшерүүлөрдү жүргүзүүсү же алардын мыйзамдуу ишине тоскоолдук кылуусу үчүн жоопкерчилик күчөтүлдү.

 

Документтин максаты — Кыргызстанда экономикалык иш жүргүзгөн ишкерлерди жана инвесторлорду коргоону күчөтүү.