Кыргызстанда жарым жылда “балага сүйүнчү” бир жолку төлөм 70 миң 850 балага берилди

Кыргызстанда жарым жылда “балага сүйүнчү” бир жолку төлөм 70 миң 850 балага берилди.

 

Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.

 

Бала төрөлгөндө берилүүчү бир жолку төлөм 4 миң сомду түзөт, эгер бир учурда эки же андан көп ымыркай жарык дүйнөгө келсе, ар бирине кошумча 50 миң сомдон каралат. Жалпы каржыланган сумма 284 миллион 500 миң сомду түздү.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.