Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Дархан айылындагы 100 орундуу бала бакчанын курулушу уланууда.
Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, имарат эки кабаттуу, жалпы аянты 873 чарчы метрди түзөт.
Объекттин курулушу 2022-жылы башталып, республикалык бюджеттин эсебинен каржыланууда.
Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.