Ысык-Көлдүн түштүк жээгинде «Салбуурун» фестивалы өтөт

Ысык-Көлдүн түштүк жээгиндеги Бөкөнбаев айылында 3-августта «Салбуурун» фестивалы өтөт.

 

«Салбуурун» федерациясынан билдиришкендей, маданий иш-чара саат 10:00дө башталып, 16:00гө чейин уланат.

 

Фестиваль төмөндөгүдөй программа менен коштолот:

  • алгыр куштардын көргөзмөсү (бүрк, шумкар);
  • бүркүт жана шумкардын аңчылык өнөрүн көрсөтүү;
  • салттуу жаалардын жана мергенчилик кубоктордун көргөзмөсү;
  • чебер жаачылардын аткаруусу;
  • кыргыз тайганынын көргөзмөсү (шоу);
  • сүрөтчүлөр жана кол өнөрчүлөрдүн көргөзмөсү;
  • коноктор арасында жаа атуу боюнча мелдеш;
  • байге ээлерин сыйлоо;
  • фольклордук концерт.

Кирүү акысы – 500 сом, ал эми түштөнүү – 700 сом.