Кыргызстанда Meken брендиндеги ноутбуктар чыгарыла баштайт

Кыргызстанда Meken брендиндеги ноутбуктарды чогултуу процессин “Кыргызэлектроника” ишканасы аткарат. Бул тууралуу “Кыргызиндустрия” ишканасынан кабарлашты.

 

“Кыргызэлектроника” компаниясы буга чейин кытайлык Clovertek Industries компаниясынан электрондук компьютерлердин жана жабдуулардын сыноо үлгүлөрүн алган. Аталган компания Аcer, Lenovo сыяктуу бренддердин атынан ноутбуктар жана планшеттер үчүн тетиктерди чыгарган компаниялардын бири.

Маалыматка караганда, Кыргызстанда чыгарыла турган ноутбук, хромбук, планшеттер окуучуларга жана арзан баада сатып алууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Ишкананын бардык продукциялары тууралуу маалыматты ke.kg сайты аркылуу алып, буюртма берүүгө болот.

«Кыргызиндустрия» ишканасынын жетекчиси Жарасул Абдураимов быйыл сентябрдан тарта Кыргызстанда «Мекен» бренди менен смартфондор чыгарыла баштай турганын да кабарлаган.

 

Анын айтымында, тетиктердин көбү чет өлкөдөн алынып келинет, ал эми уюлдук телефон каптары Кыргызстанда чыгарылат, смартфондорду да атамекендик адистер чогултат. Бул үчүн жабдуулар буга чейин сатылып алынган.

 

Маалыматка караганда, «Мекен» смартфондору чет элдик аналогуна караганда 10-15% арзан болот. Болжолдуу баасы — 11 миң сом болот.