Селден каза тапкандардын үй-бүлөлөрүнө мамлекет тарабынан 1 миллион сомдон берилет

Селден каза тапкандардын үй-бүлөлөрүнө мамлекет тарабынан 1 миллион сомдон берилет. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Акылбек Мазарипов билдирди.

 

Анын айтымында, министрлер кабинетинин чечими менен каза болгон 22 адамдын жакындарына жана турак-жайы жараксыз абалга келген 75 үйдүн ээсине 1 миллион сомдон тапшырылат.

 

Ал эми турак жайы капиталдык оңдоого муктаж 86 үй ээсине 500 миң сомдон, Ош борбордук базарында суу каптаган 785 контейнердин ээсине каттоосуна жана салык төлөөсүнө жараша 100 миң сомдон берүү каралууда.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.