Жети-Өгүздө 500 орундуу мектептин курулушуна капсула салынды

Жети-Өгүз районунун Саруу айылында 500 орундуу мектептин курулушуна капсула салынды. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги билдирди.

 

Маалыматка ылайык, курулуш республикалык бюджеттен каржыланат. Объекттин тендердик баасы 232 млн сомдон ашык бааланган.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.