Бишкекте жарнамалык конструкцияларды демонтаждоо иштери уланууда. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Кулатов-Ибраимов көчөсүндө жарнамалык конструкцияларды демонтаждоо боюнча рейддер жүргүзүлдү. Ага ылайык, имараттардын фасадына орнотулган 38 даана баннер, 2 мамы жана 2 тепкич аныкталып, демонтаждалган.
Аталган жарнама конструкциялары тиешелүү уруксат документтери жок, тышкы жарнама жайгаштыруу эрежелерин бузуу менен орнотулган.
Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.