Ордо калаанын үч көчөсү жарыктандырылды

Бишкек шаарынын Садыбакасов, Шералиев жана Актан көчөлөрү жарыктандырылды. Муниципалитеттен билдиришкендей, аталган көчөлөргө 126 жарык чырак жана 32 темир-бетон таянычтары орнотулду.

 

Ишенимдүү энергия менен камсыз кылуу үчүн 4 миң 500 метрден ашык өзүн-өзү колдогон изоляцияланган зым өткөрүлдү.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.