Париж-2024: Денис Петрашов финалга чыкпай калды

Денис Петрашов Париждеги Олимп оюндарында финалга чыкпай калды. Кыргызстандык суучул 200 метрге брасс ыкмасында сүздү.

 

Жалпысынан бул аралыкка 16 спортчу катышып, эки топко бөлүнүп жарышты.

 

Петрашов сегиз адамдан турган өз тайпасында жетинчи орунду ээледи. Ал эми жалпы тизмеде 14-орунда жайгашты.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.