Кыргызстанда ЖОЖдорго кабыл алуунун III туру бүгүн аяктайт. Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришкендей, арыздарды кабыл алуу күндүзгү саат 2ге чейин жүргүзүлөт.
Эске салсак, 2024-2025-окуу жылына карата жогорку окуу жайларына тандоо “Абитуриент онлайн” автоматташтырылган маалыматтык системасы аркылуу болот.
Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.