«Каракол» эл аралык аэропорту быйыл күздө ишке берилет. Бул тууралуу “Манас” аба майданынын башкы директору Манасбек Самидинов билдирди.
Анын айтымында, аэропорт эл аралык стандарттарга ылайык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү.
“Учурда аэропортту реконструкциялоо иштери аяктап калды”, — деди Самидинов.
Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.