Токтогулдагы суунун көлөмү дээрлик 11,9 млрд метр кубга жетти

Бүгүн, 1-августка карата Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 11 млрд 891 млн метр кубду түздү. Бул тууралуу “Электр станциялары” ишканасынын басма сөз кызматы билдирди.

 

Маалыматка ылайык, суунун агып келиши секундасына 796 метр кубду түзсө, керектөө секундасына 432 метр кубду түзүүдө.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.