Талас облусундагы Көк-Сай – Арчагул унаа жолунун 610 метри асфальтталды. Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкендей, Көк-Сай – Кайнар, Көк-Сай – Арчагул унаа жолдоруна 3 миң 420 метр асфальт төшөө каралган.
Учурда анын 2 миң 290 метри асфальтталды. Ушул жуманын аягына чейин жол толугу менен асфальтталып, каттам ачылат.
Асфальт төшөөдөн сырткары, аң-чөнөктөрдү оңдоо, жол сызыктарын чийүү, аялдамаларды актап-сырдоо жана тазалоо иштерин толугу менен аткарылды.
Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.