77 жаштагы кыргызстандык V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына велосипед менен сапар алды. Ош шаарынын мэриясынан билдиришкендей, бүгүн Мамыт Таштановду Казакстандын Астана шаарына узатуу аземи болду.
Ал жалпы 2 миң 16 чакырым жолду түрк тилдүү мамлекеттердин элдеринин достугун бекемдөө максатында басып өтөт.
Эске салсак, Мамыт Таштанов 2022-жылы Түркиянын Изник шаарында өткөн IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына велосипед менен барган.
Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.